flexsmm

Бек Борбиев Жаңы жыл

Минусту көчүрүп алуу

Текст

Кубанабыз баарыбыз,
Жаңы жылда жылына.
Көңүлүбүз бөлөнүп,
Өмүрдүн шаң ырына.
Жараткан чачкан кут болсо,
Баарыбызга тең жетсин.
Жаңы үйлөнгөн жубайларга,
Жаңы жылым бакыт берсин!


Кайырма:


Келсин Жаңы жылым, келсин,
Элге бакыт-таалай берсин!
Аруу сезим, тун сезим,
Ыйман, ызат ала келсин!
Келсин Жаңы жылым, келсин,
Тынчтык берсин, бакыт берсин!
Кош айтып өткөн жылыбыз,
Кайгы-муңду ала кетсин!


Жаңы жылды тособуз
Жакшы тилек-ой менен,
Шаңдуу көңүл, шапар менен,
Шарап аткан той менен.
Таарыныч, капалык болсо,
Досту досу кечирсин.
Жаңы жыл бейкут жыл болсун деп,
Аксакалдар бата берсин!


Кайырма:

Жаңы жыл

Жаңы жыл тарыхы