Саламдашуу ырлары
Саламдашуу салт экен,
Сабырдуу кыргыз элимде.
Салтты биз да колдойлу,
Салам айтып сиздерге.
Айылымдын аты... ,
Туулуп оском мен анда.
Азыр окуп жатамын,
Мектебим...атында.
Эжейлер,агайлар,
Баарынар аман журо бер.
Жаш окурмандарга да,
Талыкпай билим бере бер.
Зал ичинде олтурган,замандаштар аманбы?
Классташтарга да айтам саламды.
Калыстыгы менен сынаган,
Калыстар тобу аманбы?
Корууго келген ашыгып,
Куйормандар аманбы?
Бербейт деп бизге саламды,
Бекерге бузба санаанды.
Ар кайсы ишке талпынган,
Атаандаштар аманбы?
Айлана теребел салтанат,
Мына эми кечебиз башталат.
Илимге жаныдан кол сунуп,
Бактылуу жаштарбыз жаш канат...
Ассалому Алейкум кадырман элим аманбы?
Амандык айтып жалпыга саламдашсам жаманбы?
Ноокаттан айтам саламды агайым тууган аманбы?
Келтирип айтам саламды, кутмандуу элим аманбы?
Саламдашуу салт экен, саламдашып алайлы,
Балдай тилди какшатып, тилди алкап алалы.
Агарып тандын атышы, кызарып кундун батышы,
Эзелтен калган салт экен кыргыздын салам айтышы.
Арбагы дакнтуу Манастын ,
Арбагы бизди колдосун,
Ааламда тынчтык оносун,
Ыйлаган эне болбосун,
Аткарылып тилеги.
Ишиңи кудай колдосун.
Асмандагы ай сымал,
Акырын басып келейин.
Издоо салган калкыма,
Ийилип салам берейин.
Ассалому алейкум, арбаныздар.
Журогундо туюлаган кыргыз каны,
Озогундо ойногон кыргыз каны.
Торолгондо оозанган Манас менен,
Айтып келдим ордолу Оштон салам.
Оболонсун ыр менен конулунуз,
Узун болсун ылайым омурунуз.
Кулку менен ыр менен жашарталы,
Толулуп турсун боксогон кемтигиниз.
Саламым айтып ыр менен,
Сунамын сиздерге гул менен.
Кутмандуу кыргыз элиме,
Ийилип салам берем.
Салам айтам, Ала-Тоонун кары болуп,
Салам айтам, Ысык-Колдун буусу болуп.
Салам айтам, жамгырымдын суусу болуп,
Салам айтам, кыргызымдын кызы болуп.
Салам айтам, Аска-зоонун монгуусу болуп,
Салам айтам, Апшыр-Атанын суусу болуп.
Салам айтам, комузумдун куусу болуп,
Салам айтам, Ноокатымдын кызы болуп.
Салам менен башталат, биздин концерт,
Саламсыз отпойт го, эч бир концерт.
Жагымдуу салам берем, мен сиздерге,
Мына олтурган, урматтуу кыргыз элиме.
Роза гулу ачылган,
Жалбырагы жашылдан.
Ийилип салам беремин.
11- а класснын атынан.
Саламдашуу ырлары эки жумадан кийин жаңыланат.
Булак: super.kg/superstan